Бишкекте курулуш компанияларынын баасы кандай?

Бишкек рыногунда жеке үй курууга бааны кароодон мурда биз бул баа кайдан келип чыгаарына жана курулуштун жыйынтыктоочу наркын түзүүгө кандай факторлор канчалык таасирин тийгизээрине байкоо жүргүзүп көрөлү. Жалпысынан баа төмөнкү элементтер эске алынгандан кийин түзүлөт: участоктун өйдө-ылдыйы жана геологиялык шарттары, үйдүн аянты жана канча кабат болоору, колдонулуучу материалдардын өзгөчөлүгү жана кардардын каалоосунан, ошондой эле колдонулуучу курулуш технологияларынын ар түрдүүлүгүнөн улам келип чыккан конструктивдүү өзгөчөлүктөр.

Баа түзүүчү компоненттер

Үй куруу үчүн баанын негизги компоненттери болуп төмөнкүлөр саналат:  пай дубалы, дубалы, жабуусу, чатыры жана эгер зарыл болсо, тегерегин тосуу.  Аянты бирдей эки үйдүн баасы колдонулуучу материалдардын ар түрдүүлүгү  жана жеке конструктивдүү өзгөчөлүктөрүнүн эсебинен ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы пайдубалын айтсак, түркүк, плитка, ленталуу жана свай түрүндө, ал эми дубалы кыштан, пеноблоктордон, монолит блокторунан жана каркас панелдеринен көтөрүлүшү мүмкүн. Өз кезегинде, чатыры темир же керамика черепицасы, профнастил, ондулин жана көптөгөн башка метариалдар менен жабылышы ыктымал.

Үй куруу үчүн рынок баасы

Интернетте көптөгөн куруучулар үй куруунун наркын алардын сайтынан эле эсептеп берүү мүмкүнчүлүгүн сунушташат. Биринчиден, бул болжолдуу баа. Үй куруунун акыркы сметасын алуу үчүн  сиз куруүчүнун өзүнө кайрылып, өз каалооңузду билдирүү  керек болот, мына ушундан кийин гана компания үйдүн акыркы баасын эсептей алышат. Бишкек рыногунда негизинен үй куруунун үч түрү бар. Бул    “Коробка”, буга негизинен пайдубалын куюу, дубалын тургуузуу, чатырын жабуу жана тепкичин куруу кирет.   “Өз алдынча жасалгалоо” б.а “ ПСО”, буга жогоруда айтылгандардан тышкары, шыбоо, полун куюу, терезелерин салуу жана инженердик коммуникацияларды орнотуу камтылат.  “Толугу менен куруп бүтүрүү” (“Под ключ”) б.а — “Кир да жаша” мында жогоруда аталгандардан башка дагы ички жасалгалоо иштери каралган. Ошондуктан бири-биринен айырмаланган эки баа сунушталса, таң калбастан, куруүчүнун үй куруу деңгээлине көңүл буруңуз. Төмөндөгү графиктен Бишкек рыногунда жеке үй курууга кеткен болжолдуу баа менен тааныша аласыз:

Бишкекте курулуш компанияларынын баасы кандай?