Биздин ураан Ар бир долбоорго кесипкөйлүк менен мамиле кылуу

Биз жөнүндө

ЖЧК «Сапат Дом» — ар кандай татаалдыктагы жеке үйлөрдү жана коттедждерди куруу, ошондой эле өнөр жай жарандык максаттары үчүн имараттардын жана курулмалардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен алектенген архитектуралык-курулуш компаниясы. Уюмду Кыргызстандын ири долбоорлоо жана курулуш компанияларында көп жылдык тажрыйбасы бар архитекторлор менен инженерлердин жаш адистери түзүшкөн. Биздин команданын принциптери: кесипкөйлүк, адептүүлүк, ишенимдүүлүк жана жоопкерчилик.

Башкы директордун билдирүүсү

Урматтуу биздин кардарлар!

Курулуш жана  архитектура кылымдардан бери белгилүү бир маданияттын же улуттун өнүгүү деңгээлинин негизги көрсөткүчү экендиги белгилуу , ошондой эле экономиканын негизги кыймылдаткычтарынын бири, анткени ал өлкөнун  экономикасынын ондогон тармактары менен оз ара байлышта. Сапат Дом командасынын негизги максаты — кардарлардын күткөн нерселеринен ашып, иштин натыйжасын максималдуу деңгээлде канаатанууга жеткирүү. Биздин миссиябыз курулушта инновациялык чечимдердин жардамы менен адамдардын жашоо сапатын жакшыртып  ынгайлуу баага уй куруп беруу . Сапат Дом жамаатына, өнөктөштөрүбүзгө жана ошондой эле алдыга койгон максаттардын ишке ашуусуна  чоң салымын кошуп келе жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтоом менен, Байтелиев Рахатбек Мелисович

Биздин топ

Урматбек Бейшеналиев
Аткаруучу Директор
Азамат Садабаев
Материалдык-техникалык камсыздоо боюнча директор
Темирлан Исмаилов
Архитектор
Кылым Арстанбеков
Архитектор
Алтай Жалалов
Архитектор
Айгерим Бактыгул кызы
Архитектор
Урмат Тилек уулу
Архитектор
Эрназар Кадыркулов
Архитектор
Гуля Турсунбекова
Жардамчы

Биздин лицензиялар жана күбөлүктөр