Эмне үчүн бизди тандашат?

Курулуштагы
бай тажрыйба
Бардык иштердин
жогорку сапаттуулугу
Жагымдуу жана
ынгайлуу баада
Кыска моонотто
куруу
Бардык нормативтерге
ылайык иш жургузуу
Акысыз уйдун
долбоорун даярдоо

Кирпичтен (кыштан) бекем жана
бышык үйлөрдү
курабыз

Кирпичтен (кыштан) жасалган үй эмнеден турат?

1
ЧАТЫР
Үйдүн долбооруна жараша анын чатырына ылайыктуу устундар жана тактай торчолору таңдалып алынат. Чатырлардын ар кандай татаал турлорун жасайбыз.
2
ДУБАЛДАРЫ
Турак үйлөрдү куруунун талаптарына ылайык дубалдарын бекем курабыз. Кирпичтин түрү жана дубалдын калыңдыгы кардар менен макулдашылат.
3
ЖАСАЛГАЛОО
Ал кардардын тандоосу боюнча жасалат. Уйдун жасалгалоосу долбоордун эскизин (суротун) иштеп чыгууда бекитилет.
4
КАБАТТАРДЫН ТОСМОЛОРУ
Бир нече кабаттуу үйлөр үчүн монолиттүү же темир бетон тосмолору тургузулат . Материалдарын тандоо долбоорго жараша болот.
5
ТЕШИКТЕР
Курулуш учурунда биз терезе, эшиктер үчүн керектүү тешиктерди жасайбыз.
6
ТЕПКИЧТЕР
Тепкичткрдин дизайны жана орду эскиздик долбоордо көрсөтүлөт; тепкичтер жыгачтан же бетондон жасалат.
7
ИНЖЕНЕРДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР
Аларды курулуш аяктаганда, бирок жасалгалоо баскычына чейин киргизишет. Бардык коммуникациялар жумушчу долбоордо көрсөтүлөт.
8
ПАЙДУБАЛ
Жердин топурагына жана үйдүн долбооруна жараша уйдун пайдубалынын тереңдигин жана калыңдыгын ылайыктап жасайбыз. Пайдубал бекем болбосо кирпичтен жасалган үй көпкө турбайт.
9
ПАЙДУБАЛДЫН ЧУНКУРУ
Пайдубалдын чункурун казып, анын астындагы топуракты тыгыздайбыз.

Кирпичтен (кыштан) салынган үйлөр жөнүндө мифтер

БУЛ КЫМБАТ
Каркастан жасалган үйдүн чарчы метри 280$ турат. Биз үйдүн чарчы метрин 260$ га толук куруп беребиз
УЗАК МООНОТ
Бардык нормативдерге жооп берген бир кабаттуу үй 2,5 айда курулат.
БУЛ ӨТКӨН КЫЛЫМ
Убакыттын өтүшү менен кирпичтен (кыштан) үйлөрдү куруу технологиясы ишенимдүүлүгүн далилдеди. Азырынча каркас менен тургузулган үйлөр бекемдиги, жылуулугу, изоляциясы же ишенимдүүлүгү боюнча кыштан салынган үйлөрдү кууп жете элек.
ЖӨНӨКӨЙ ҮЙЛӨР
Кирпичтен жасалган үй бул 4 дубал, 6 терезе, чатыры жана эшиги дегендин озу жаңылыштык. Биз курулушта 10 жылдык тажрыйбага ээ болуу менен көп кабаттуу жана кадимки, кереметтүү верандалары жана крыльцосу менен, адаттан тышкары озгочо жасалгалоолору бар татаал архитектурасы менен үйлөрдү куруп келебиз.
ӨЗҮМ ДЕЛЕ САЛЫП АЛАМ
Кирпичтен (кыштан)озунуз үй салсаңыз болот. Бирок мындай кадам өтө көп убакытты талап кылат жана мындан тышкары, өмүргө коркунуч туудурат. Курулуш стандарттарын сактабаганыктан, эрежелерине кош конул мамиле кылгандыктан үйдүн сырткы көрүнүшү гана кооз жана туура көруно бериши мүмкүн. Бирок ал кандай гана бекем материалдан курулбасын туруктуулугуна ишенууго болбойт.
КӨПТӨ ЖЫЛЫЙТ
Чындыгында кирпич (кыш) көптө барып жылыйт .Бирок, ошол эле учурда ал көпкө чейин жылуулугун жоготпойт. Кирпичтен (кыштан) жасалган үйдү жылытып баштаганда, бир нече сааттардан кийин алгач дубалдары гана ысыйт. Бирок, алар ысыган соң, бир күндөн ашык убакытка чейин үйдогу жылуулукту кармап турат.

Эмне үчүн кирпич (кыш)?

Биздин жооп:
анткени кирпич (кыш) -
ишеничтүү курулуш материалы
Мисалы Совет мезгилинде кадимки кирпичтен (кыштан) курулган беш кабаттуу имараттар 100 жылга деп эсептелген.

Заманбап технологиялар менен курулган үйлөр андан да көпко сакталып ,125 жылга чейин оз туруктуулугун жоготпойт.

Көп берилүүчү суроолор

Даяр үй сатып алгандан көрө жаңы үй курган жакшыраак!

Даяр үй сатып алуунун ордуна, Бишкекте жаңы үй куруунун артыкчылыктары эмнеде? Албетте, жетиштүү олуттуу бир топ артыкчылыктар бар. Төмөндө  биз үйдү сатып алгандан көрө, жаңы үй куруунун 5 негизги  артыкчылыктарын  кыскача айтып берүүгө  аракет кылабыз:

  1. ЖАЙГАШКАН ЖЕРИ. Биринчиден, өз үйүңүздү куруп жатканда, жер тилкенин   Бишкектин белгилүү бир аймагында жайгашуусу  боюнча эч кандай чектөөлөр жок, б.а. бул учурда, участокту каалаган  жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү  бар. Ал транспорттун жеткиликтүүлүгү, аймактын экологиялык жактан таза, инфраструктуралык өнүгүү ж.б. жагынан сизге ыңгайлуу  болгон жерден үй курууга сиз үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Жалпысынан, бул вариант  сизге келечектеги үй үчүн жер тандоо укугун калтырат.
  2. ЧЕКТӨӨЛӨР ЖОК. Келечектеги үй ээси кандайдыр бир жайгашуу схемасы, бөлмөлөрдүн көлөмү, терезелердин жана эшиктердин жайгашкан жери жана өлчөмү, үйдө айрым бөлмөлөрдүн бар же жоктугу менен чектелбейт, мисалы, терраса, кийим кийүүчү жай, кир жуучу жай же өзүнчө жуунучу жайдын жоктугу ж.б.у.с. бир сөз менен айтканда, ыңгайлуу, жеке үйдүн долбоорун өз каалоосу боюнча нөлдөн баштап куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
  3. САПАТ. Негизинен кардарлар даяр үйдү сатып алып жатканда, алар үйдүн  учурдагы  ар кандай көрүнбөгөн кемчиликтери менен келишүүгө аргасыз болушат, андан тышкары  конструктивдүү кемчиликтерда болушу мүмкүн, ал кемчиликтер б.а. үйдүн пайдубалында же дубалдарындагы  жаракалар материалдарды жана жумуштарды үнөмдөөнүн натыйжасында, ошондой эле курулушта жөнөкөй  курулуш эрежелерин  билбегендиктен келип чыгышы мүмкүн. Бул кемчиликтер гипстин астында, тушкагаздын астында же  плита астына көрүнбөй калышы мүмкүн , бирок  ал үйгө кирип жашап баштаганда , жанагы жашыруун кемчиликтер   кайгылуу кесепеттерге  алып келиши ыктымал. Ал эми сиз  курулуш иштерин  «башынан баштап» жүргүзсөнүз —  салынып жаткан үйдү толугу менен СНиП жана Мамлекеттик стандартардын талаптарына ылайык курулуп жана курулуш компаниянын адистерине тапшырып иштин бардык процесстерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
  4. ТАНДОО. Ошондой эле, үйдүн сырткы эстетикалык көрүнүшү да чоң мааниге ээ,  ал архитектуралык  ар кандай сырлар  менен үйгө жагымдуу көрүнүштү  тартууласа болот, анткени жаңы үйдүн курулушун баштаардан мурун,  архитектор, инженерлер тарабынан үйдүн эскиздери тартылат , аларды атайын профессионалдык архитектуралык программалардын колдонуусу менен, кагазда жана үч өлчөмдүү компьютердик моделде көрүүгө болот. Ошентип, мындай чечим алдын-ала кардарга иштин натыйжасы кандай болоорун  көрсөтүп  жана курулуш учурунда кетирилген каталардан жана күтүлбөгөн кошумча чыгымдарды болтурбоого мүмкүндүк берет.
  5. ҮЙ НАРКЫ. Жана албетте үй курууда эң башкысы бул үйдүн наркы. Адистердин арасында маалым болгон факт бул жаңы үй куруу даяр  үйдү сатып алгандан алда канча арзаныраак экендиги белгилүү. Анын себеби эмнеде?

Биринчиден, мындай учурда үйдү сатуу же алып сатуу учурунда  өз баасын каалаганындай өзгөртүп койгон  ашыкча  ортомчулар катышпайт,  бул биринчи же кийинки менчик ээси, же салып жаткан компания өзү, же башка бирөө , ошондой эле кээде кыймылсыз мүлк агенттиги ортомчу болуп калышы мүмкүн.

Экинчиден, курулуш учурунда, керексиз ашыкча чыгымдарды болтурбастан, курулуштун наркын кардар өзү көзөмөлдөсө болот. Мисалы, кимдир бирөөгө  (сарай, тооккана, мончо ж.б.) сыяктуу салынган чарбалык курулуштардын болушу шарт эмес, ошондуктан курулуш учурунда чыгымдарды конкреттүү жеке адам үчүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө керектүү нерселерге гана оптималдаштырууга болот.

Үчүнчүдөн, материалдардын баасын көзөмөлдөөгө болот, б.а. жогорку сапаттагы материалдар үчүн эң жакшы вариантты тандап, бир эле учурда жагымдуу көрүнгүдөй жана  бир топ арзаныраак баада салдыртса  болот , анткени ушундай жол менен сиз үйдүн сапатын жоготпостон курулуштун баасын бир кыйла төмөндөтө аласыз.

Ишенип коюнуздар , канчалык кымбат болсо, ошончолук жакшы деген  принцип дайыма эле иштей бербейт. Биз адамдардын  үйдү 2 эсе кымбат салып алышып ал ойдогудай жакшы көрүнүшкө ээ болбой калып жана ошол эле учурда тигил  үйдөн алда канча начар салынып  калган учурларга күбө болуп келебиз. Мындай учурлар  үй курууда ойлонбостон иш аракет кылгандыктан, кесипкөй эмес топтор менен иштешкендиктен жана ишке  болгон чыгармачылык мамиленин  жоктугунан келип чыгат .

Ошентип, бул  макалада ар кандай жагдайлардын бардыгын  кыскача айтууга мүмкүн болбосо да , курулушта баалардын өсүшүнө алып келген бир нече нюанстар бар экендигин билсек болот.

Эмне үчүн кирпич (кыш) колдонобуз

ТУРУКТУУЛУК. Ким кандай  дебесин кыш   жер титирөөгө  эң туруктуу жана эң бекем курулуш материалы катары кала берет. Албетте андан бекемиреек монолиттүү үй деп аталган бетон дубалдар менен курулган үйлөр  бар, бирок андай үйдө жашагысы келген адамдардын саны  анчалык деле көп эмес, жокко эсе.  Мисалы алсак  M75 белгиси бар кыштын үстүңкү бетинин 1см2  75кг. көтөрө алат дегенди билдирет, б.а. стандарттуу 12см х 25см кыштын аянты 300см2, демек, бир кыш  22,5 тонналык  салмакты көтөрө алат. Бул  жөн гана  кыштын M75 маркасы , ошондой эле M300 чейинки  кыш маркалары бар. Чоң темир радиаторлорун, ашкана шкафтарын, суу жылыткычтарын жана башка көптөгөн нерселерди кыш дубалына илип коюуга болот, ал эми  башка материалдардан тургузулган дубалга илүүдө  көйгөй жаратат.
Ошентип кыш  рынокто, айрыкча Бишкек базарларында сатылган курулуш материалдарын эң чыдамдуу  бекем материалы катары кала берет  жана азыркы учурда кыштан  үй куруу эң  ынгайлуу болуп саналат.

СЕЙСМИКАЛЫК ТУРУКТУУЛУК. Үйлөрдүн кыш конструкциялары жер титирөөгө эң туруктуу жана темир-бетон колонналар жана өзөктөрү менен бекемделсе, 9-10 баллга чейин жер титирөөгө туруштук бере алат.  АКШдагы Сэңди жана Катрина бороон-чапкынынан кийинки  каркастан  жасалган үй менен  кыш үйдүн сүрөтүн  мисал катары корсонуз болот.

Сүрөттө көрүнүп тургандай эле  кыштан салынган үй бардык геометриялык өлчөмдөрүн сактап калып жана чатырдын  минималдуу гана  кыйроолорго учураганын коруп турабыз, бирок каркастан жасалган үй толугу менен бузулуп, калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экендигине  жанындагы  кыш  менен коюлган  темир-бетон  конструкциясы салыштырмалуу аны далилдеп корсотуп турат.

ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК ЖАНА НАРК.Бишкек шаарынын четинде жана Чүй облусунда кыш чыгаруучу 20га жакын завод жайгашкан, ошол себептен  жергиликтүү чийки заттан  каалаган кыш сортун өндүрүугө абдан ынгайлуу жана ошондой эле кыш өндүрүүдө анын өздук наркын төмөндөтөт. Ошентип, Бишкекте кыштан  үй куруп жаткандар кышты  талап кылынган көлөмдө жеткирүү жана курулуш аянтына жеткирүү көйгөйү менен такыр кездешпейт, ошону  менен үйдү куруу убактысын да  кыскартат. Кыш өндурүүчүлөрдүн ортосундагы чон атаандаштык сапаттуу кыштарды жеткиликтүү баада сатып алууга шарт түзөт. Мына ошондуктан кыш менен салынган үйлөр башка конструкциялардан салынган үйлөрдөн эч канча кымбат эмес, ал тургай кээде көп эле арзан түшөт.

 

КЫШ ТУУРАЛУУ МИФТЕР

№1-миф: Кыш-архитектуралык фантазияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү чектейт, же кыштан бардык эле формаларды келтирүүгө мүмкүн эмес.
Буткул дүйнө жүзүндөкү  ар кайсы архитектуралык шедеврлердин, тарыхый имараттардын, өзгөчө жана оригиналдуу формадагы имараттардын көпчүлүгү кыштардан салынып кылымдар бою бузулбай биздин күнгө чейин сакталып калган. Тескерисинче, эгерде үйдү кыш менен куруунун бардык өзгөчөлүктөрүн жана нюанстарын билсеңиз  көп мүмкүнчулуктөргө жол ачат.

№2-миф: Кыштын салмагы начар топурактын үстүнө үй курууга жол бербейт.
Азыркы учурда үйдүн фундаментин тургузуу үчүн  көптөгөн чечимдер бар.  Ар кандай топурактын үстүндө  жана сейсмикалык активдүү зоналарда конструкцияны бекемдеткен  темир-бетон аралашмасын колдонуп кыштан үй курса болот.

№3-миф– Кыш кымбатыраак.
Эгерде биз Бишкек шаары үчүн 1 м2  дубалын ар кандай материалдардан, анын ичинде тосмо материалдын (кыш, пенопласт, газ блок же ЛСТК), жумуш, эритме (раствор) жана башка чыгымдалуучу материалдардан жасалган үйдүн курулуш  наркынын салыштырма таблицасын түзсөк, башка материалдардан үй курганга караганда   кыштан үй курган алардан  дагы арзан болуп жаткандыгын көрө аласыз. Мисалы, ошол эле пеноблок жана газ блогун атайын желим эритмесине өндүрүүчүлөрдүн атайын баштыктарына салыш керек, ал эми кышты куюуда кадимки цемент-кум аралашмасы колдонулат жана ошондой  эле анын жумушу жана баасы да арзан түшөт.

Үйдү өзүңүз курганыныз жакшыбы же адистерге тапшырганыныз оңбу?

Бул тема өз үйүн кура баштагандардын  эң көп кездештирген  каталарынан   бири. Негизинен, үйдү өздөру куруп чыгымдарын  үнөмдөйм деп азгырылышат, бирок ишенсениз ,   көпчүлүгү курулуштун кандай өзгөчөлүктөрүнө туш болушаарын сезишпейт, мисалы  негизги инженердик илиминин жетишсиздигинен көп маселелер пайда болот, бир гана курулуш материалы  эле көптөгөн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн — арматуранын кесилишин кантип тандап алса болот, аларды кандай өлчөмдө салыш керек , кандай аралыкта ж.б. маселелер.

КООПСУЗДУК ЖАНА ЭКИ ЭСЕ ЧЫГЫМ. Менин тажрыйбамда ондогон мисалдар бар. Мисалы: үй ээси убагында тажрыйбалуу курулушчуларга ишти  тапшырып  бербегендиктен, тажрыйбасыз үйрөнчөктөрдүн артынан ишти кайрадан оңдоп жана убактылуу жалданма курулуш бригадалардын чала жасалган иштери үй ээси үчүн көптөгөн чыгымдарга алып келген. Жана эң коркунучтуусу алар өздөрү салган үйдүн шыбагы урап, фундаменттен чатырына чейин  жарака кетип ал жакта  турууга коопту болгон. Мындай учурларда адамдардын  үй салууга сарптаган бардык күчу жана убактысы текке кеткенин көрүп  бооруң оорүйт, ошентсе да ошондой учурларда кырсык болуп кетпегенине сүюнөсүн.

УБАКЫТ АКЧАДАН КЫМБАТ. Биринчиден, кесипкөй подряддык уюмдардын үй куруу мөөнөттөрү бир топ эле кыска, б.а өзүң курганга караганда тезирээк, анткени аларда материалдарды алып келүү логистикасы, иштин ырааттуулук логистикасы, күтүүсүз орун алышы мүмкүн болгон кошумча иш-чаралардын алдын алуу, курулуш жабдууларын жана механизмдерди ташуу логистикасы жөнгө салынган, анткени куруу учурунда  материалдар  зарылчылыгына жараша дээрлик ар бир күнү сатып алынат. Ошентип, эгерде адамга өз убакыты , ден соолугу, күчү жана нерви кымбат болсо, жеке үйлөрдү курууга багытталган кесипкөй курулуш уюмдарына кайрылуу ал үчүн эң мыкты чечим болуп саналат.

ЭСТЕТИКА. Мындан тышкары, үй курулуп, бирок көңүлгө толбой калган учурлар да көп кездешээрин белгилей кетүү зарыл, б.а  ал алдын ала пландаштырылган долбоорго такыр эле дал келбей калат, бул автордук көзөмөлдөөнүн жоктугунан жана куруучулардын жоопкерчиликсиздигинен улам болот, б.а буга ар бир бурчу, тирөөчтөрдүн бийиктиги чечүүчү мааниге ээ болгон дубалын тургузууда жана чатырын көтөрүүдө  миңдеген геометриялык параметрлердин жана өзгөчөлүктөрдүн сакталбагындыгы себеп болот. Мисалы, биздин компанияда бардык өлчөмдөргө жана архитектуралык чечимдерге өзгөчө көңүл бурулат, буга жумушчуларды контролдоп туруусуз жана аларга туура тапшырма бербей туруп жетишүүгө болбойт.

Натыйжанын жана долбоордук чечимдердин дал келишине мисалдар:

Чыныгы көрүнүшү, Долбоордук көрүнүшү

Курулуш фирмасын кантип тандоо керек?

Жеке үй курууда  куруучуларды тандоо өтө маанилүү, анткени буга келечекте сиздин жана  үй-бүлөңүздүн ыңгайлуу жана коопсуз шартта жашоосу көз каранды болот. Сиз үйүңүздүн коопсуз жана ишенимдүү салынышын  канчалык контролдой турганыңызга жараша, тандоонун өтө көп критерийлери бар.    Төмөндө келечекте сиздин ыңгайлуу жана коопсуз жашооңузга толук жоопкерчиликтүү боло турган компанияны тандоодо эске ала турган негизги, бирок өтө маанилүү факторлор келтирилген.

  1. Кесипкөй курулуучулар. Сиз курулуш компаниялар рыногу менен жаңыдан тааныша баштаганда эле, биринчи караганда өтө пайдалуу сезилген көптөгөн сунуштарга кездешесиз, анда расмий эмес шартта иштеген подрядчылар, сезондук бригадалар жана кошумча иштеп акча тапкандар квалификациялуу куруучулар катары каралбоого тийиш деп айтылат. Сиз  эң оболу, компаниянын иштей баштаган мөөнөтүнө же   башкача айтканда, иш тажрыйбасына, тиешелүү лицензиясына жана сертификаттарына өзгөчө көңүл бурууңуз зарыл. Лицензиясын жана анын аныктыгын текшерүүдөн жалкоолонбоңуз. Тажрыйбалуу кесипкөй куруучулардын курган объекттери көп болот, алар менен сиз алардын вебсайттарынан же кеңселерине барып көрө аласыз, мында сиз компаниянын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө, кеңсесинин бар экенине ынанып, эгерде кардарлары болсо алар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
  2. Компаниянын ишинин ачык-айкындуулугу. Курган үйлөрү жана объекттери сапаттуу компанияларга кардарлары  алгылыктуу сын-пикирлерди калтырышат жана мындай компаниялар курулуп жаткан объекттерин көрсөтүүгө жана курган үйлөрүнүн сапатына кепилдик берүүгө даяр болушат. Сиз мындан тышкары, бул куруучулар куруп берген үйлөрдө көп жылдан бери (3-5 жыл)   жашап жатышкан кардарлар менен сүйлөшүү ниетиңизди билдирип, алардын байланыш телефондорун сурай аласыз, ошондой эле кайтарым байланышка чыгып, алардын кошуналарынан дегеле, курулуш кандай жүргөндүгү тууралуу да такташтыруу мүмкүнчүлүгүңүз болот.
  3. Компаниянын туруктуулугу. Туруктуу иштеген компаниялардын менеджерлер жана кеңсе кызматкерлери сыяктуу эле, курулуш объекттеринде өздүк бригадаларынын да туруктуу  штаты бар. Бул фактор эч кандай жоопкерчиликтүү болбогон убактылуу бригадалардан айырмаланып, кардарга сүйлөшүлгөн мөөнөттө объектти өткөрүп берүүдө жана аткарылган иштин сапаты боюнча да маанилүү роль ойнойт.
  4. Оптималдуу баа.Баа — жеке үй куруучуларды аныктоодо негизги фкаторлордун бири болуп саналат. Эгерде сиздин талап боюнча издөө салып көрсөңүз, анда эң төмөнкү баадан эң жогоркуга чейин көптөгөн сунуштар түшөт. Төмөн баалар алгач, сизге каражат жагынан эң алгылыктуу болуп сезилет, бирок мында: сапатсыз материалдарды колдонуу, квалификациясыз кызматкерлер жана бригадалар жана айтылган баага кирбей калган айрым иш-чаралар сыяктуу кемчиликтер бар жана буларды сиз келишимге кол коюу же   үйдү кабыл алуу-өткөрүп берүү учурунда гана билишиңиз мүмкүн. Ал эми жогорку баадагы сунушту тандоодо сиз бул баа негизсиз чыгаша менен эле жогорулатылбай,  чындап эле колдонулуучу материалдардын жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүнүн сапатына дал келээрин тастыктооңуз зарыл.

Бишкекте курулуш компанияларынын баасы кандай?

Бишкек рыногунда жеке үй курууга бааны кароодон мурда биз бул баа кайдан келип чыгаарына жана курулуштун жыйынтыктоочу наркын түзүүгө кандай факторлор канчалык таасирин тийгизээрине байкоо жүргүзүп көрөлү. Жалпысынан баа төмөнкү элементтер эске алынгандан кийин түзүлөт: участоктун өйдө-ылдыйы жана геологиялык шарттары, үйдүн аянты жана канча кабат болоору, колдонулуучу материалдардын өзгөчөлүгү жана кардардын каалоосунан, ошондой эле колдонулуучу курулуш технологияларынын ар түрдүүлүгүнөн улам келип чыккан конструктивдүү өзгөчөлүктөр.

Баа түзүүчү компоненттер. Үй куруу үчүн баанын негизги компоненттери болуп төмөнкүлөр саналат:  пай дубалы, дубалы, жабуусу, чатыры жана эгер зарыл болсо, тегерегин тосуу.  Аянты бирдей эки үйдүн баасы колдонулуучу материалдардын ар түрдүүлүгү  жана жеке конструктивдүү өзгөчөлүктөрүнүн эсебинен ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы пайдубалын айтсак, түркүк, плитка, ленталуу жана свай түрүндө, ал эми дубалы кыштан, пеноблоктордон, монолит блокторунан жана каркас панелдеринен көтөрүлүшү мүмкүн. Өз кезегинде, чатыры темир же керамика черепицасы, профнастил, ондулин жана көптөгөн башка метариалдар менен жабылышы ыктымал.

Үй куруу үчүн рынок баасы. Интернетте көптөгөн куруучулар үй куруунун наркын алардын сайтынан эле эсептеп берүү мүмкүнчүлүгүн сунушташат. Биринчиден, бул болжолдуу баа. Үй куруунун акыркы сметасын алуу үчүн  сиз куруүчүнун өзүнө кайрылып, өз каалооңузду билдирүү  керек болот, мына ушундан кийин гана компания үйдүн акыркы баасын эсептей алышат. Бишкек рыногунда негизинен үй куруунун үч түрү бар. Бул    “Коробка”, буга негизинен пайдубалын куюу, дубалын тургуузуу, чатырын жабуу жана тепкичин куруу кирет.   “Өз алдынча жасалгалоо” б.а “ ПСО”, буга жогоруда айтылгандардан тышкары, шыбоо, полун куюу, терезелерин салуу жана инженердик коммуникацияларды орнотуу камтылат.  “Толугу менен куруп бүтүрүү” (“Под ключ”) б.а — “Кир да жаша” мында жогоруда аталгандардан башка дагы ички жасалгалоо иштери каралган. Ошондуктан бири-биринен айырмаланган эки баа сунушталса, таң калбастан, куруүчүнун үй куруу деңгээлине көңүл буруңуз. Төмөндөгү графиктен Бишкек рыногунда жеке үй курууга кеткен болжолдуу баа менен тааныша аласыз:

Бишкекте үй куруу үчүн жер участогун кантип тандоо керек?

Өзүңүзгө үй кураардан мурда эң оболу участок сатып алуу маселесин чечүүңүз зарыл. Курулуш учурунда ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз иштөө гана эмес, сиздин келечек жашооңуздун ыңгайлуулугу да жер участогуна  көз каранды болот. Ошондуктан сиздин бардык критерийлериңизге дал келген участокту тандоо маселесине өтө олуттуу мамиле жасооңуз шарт. Төмөндө сиз участок издөөдө көңүл бурула турган  негизги баскычтар менен тааныша аласыз:

  1. Издөө аймагын аныктоо. Жер участогун издөөдөгү эң алгачкы кадам болуп, келечекте жашай турган аймакты, же башкача айтканда районду аныктоо болуп саналат, анткени муну аныктап албасаңыз сиз бардык аймактардагы жана Бишкек шаарына жакын райондордогу толгон маалыматтардан/үйлөрдүн тизмесинен башыңыз айланышы мүмкүн жана убактыңызды да текке коротосуз. Районду аныктоодо төмөнкү учурларды эске алыңыз, бирок булар менен эле чектелип калбаңыз: саздак жерде же суу жакын болсо чиркей сыяктуу курт-кумурска  көп болот, ошондой эле  топурак борпоң болсо, үй чөгүп, ал эми жер жантайыңкы болсо, ашыкча түйшүк жаратып же чыгымга дуушар кылышы мүмкүн.
  2. Инфраструктура жана коммуникациялар. Жер учостогун тандоодо төмөнкүлөрдүн болушу орто кылымдагы жашоо шартынан арылып, максималдуу ыңгайлуулукта жашоо мүмкүнчүлүгүн берет: Электр энергиясы —  электр линиялары канчалык жакын болсо, аны үйгө туташтыруу ошончолук  арзан болот, газдын болушу аны тамак-аш жасоого колдонуу менен эле, үйдү жылытуу мүмкүнчүлүгүн берет. Суу менен камсыздоо – куруу учурунда сыяктуу эле, жашап жаткан учурда да колдонулуучу эң маанилүү аспект, борбордук канализация – бул да керек, бирок анчалык маанилүү эмес, анткени аны өзүңүз казып алсаңыз болот,  тиешелүү жол инфраструктурасынын жана авто жолдорунун болушу   да  ири жүк ташуучу унааларга, ошондой эле курулуш техникаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, куруу иштерин кыйла жеңилдетет, акырында   ыкчам жана  интернет байланыштын сапатына да көңүл буруңуз.
  3. Жер участогуна баа беребиз. Болочоктогу коңшулар менен таанышып, алардын качантан бери жашаарын жана бул аймак тууралуу алардын ой-пикирин билүүгө аракет кылыңыз. Мектеп, бала бакча, сейил багы, дүкөн, оору кана  жана башкалар бар участокторду издеңиз, жанында өнөр жай ишканалары, заводдор, фабрикалар, мал чарба фермалары, таштанды, калдык ташталуучу жер жана мүрзө бар жерден алыс болуңуз.
  4. Жер участогунун мыйзамдуулугу. Жыйынтыгында участоктун юридикалык документтерин текшерсеңиз болот. Сатуучудан жер участогуна тиешелүү бардык документтерди сураңыз.

Үйдүн кандай түрлөрү бар?

Бишкекте үйдүн ар кандай түрлөрү бар. Аларды кабатына, чатырына, формасына, пландаштырылышына, ички жана сырткы жасалгасына жараша ар башка категорияларга бөлүүгө болот, айрыкча аларды куруу технологияларына жана дубалга колдонулган материалына жараша бөлүшөт. Мисалы кирпичтен, пеноблоктон, газ бетон блогунан, СИП панелден, жыгачтан курулган, каркас жана монолиттүү үйлөр бар. Булардын ар биринин артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Келгиле, булардын ар бирин өзүнчө карап көрөлү:

Кирпич үйлөр. курулган үйлөр Кыргызстан рыногунда эң кеңири тараган. Негизги касиети – бышык жана суукка чыдамдуу.

Бышыктыгы М тамгасы менен белгиленет. Эң кеңири тараганы  М100, М125, М150, М175. М100, мисалы, эки кабаттуу турак жайга колдонулушу мүмкүн. Эгер кабаты көбүрөөк болсо, анда маркасы да жогору болушу керек. Маркасы канчалык жогору болсо, кирпич да ошончо басымды көтөрө алат, демек ошончолук ишенимдүү.

Суукка чыдамдуулугу колдонуу мөөнөтүнө да таасирин тийгизет, ал  F тамгасы менен белгиленет. Суук аймактарда бул көрсөткүч маанилүү. Ал канчалык жогору болсо, температуранын нөлдөн төмөн болушунда материалдын бузулушу, жарака кетүү коркунучу ошончолук аз. Дагы бир эң маанилүү касиети – жылуулук өткөргүчтүгү. Ал жылуулук материал аркылуу канчалык бат өтөөрүн жана чыгып кетээрин көрсөтүп турат. Бул көрсөткүч   канчалык жогору болсо материал ошончо бат жылып жана муздайт. Кирпичте бул кыйла төмөн. Экинчи жагынан бул анчалык жакшы эмес, анткени жылытуу үчүн көп убакыт сарпталат. Мисалы, кирпичтен курулган үйдү бир айга жылуулуксуз калтырса, аны жылытуу үчүн бир же андан көп күн талап кылынат. Экинчи жагынан  кирпич өзүнө жылуулукту начар сактайт жана өткөрөт. Башкача айтканда биздин мисалда мурда керектүү температурага чейин ысытылган үй көпкө чейин жылуулукту сактап турат. Мына ушул себептен кирпичтен салынган үйлөрдө жайкысын салкын (түнкүсүн дубалдар муздаганга жетишет), ал эми кышкысын жылуу (туруктуу-ыңгайлуу температура сакталып турат). Демек, кирпичтен салынган үйлөр ишенимдүү, узака чыдайт жана жашоо үчүн ыңгайлуу деп тыянак жасоого болот. Ушул себептен биз дал мына ушу материалды курулуш үчүн тандайбыз.


Пеноблоктон жана газ бетон блокторунан курулган үйлөр. Пеноблок да көп колдонулууда, анткени бул материал кыйла жеңил болуп, кирпич дубалдарына караганда бат курулуп, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок ошол эле учурда дубалдын сапаты боюнча да кемчиликтер болушу мүмкүн, анткени рынокто сапатсыз блоктор көп кездешет жана бул материалды колдонууда пай дубалды да кылдат эсептөө зарылчылыгы келип чыгат.  Сууну сиңирип алышы, буу өткөргүчтүгү жана коюп жатканда жараканын көп кетиши тууралуу өзүнчө сөз кылуу зарыл.


СИП панелдерден курулган үй. Мындай үйлөр Канадада курула баштаган, анткени жөнөкөй сөз менен айтканда бул термос эффектисинен улам, катаал климаттык шарттарга туруштук берет.  Бул үйлөрдүн көп жакшы сапаттары бар, бирок ошол эле учурда кемчиликтери да жетиштүү, мисалы, мында үйдүн ичин желдетип туруу кажет жана тышкы үндөрдөн коргогучтугу да начар.


Жоон жыгачтардан курулган үйлөр. Экологиялык жактан 100% тазалыгы жана жагымдуулугу эле болбосо, мындай үйлөрдүн көптөгөн кемчиликтери бар: курулуш иштеринин кымбаттыгы, жогорку квалификациялуу усталардын болушу, коммуникацияны киргизүүнүн татаалдыгы, оор техникаларды колдонуу зарылдыгы жана куруу иштеринин узака созулушу.


Каркас үйлөр. Каркас этих домов могут быть сделаны как из металла так и из дерева. Такие дома славятся своей логостью, быстро возводимостью и низкой ценой, но как все другие виды имеет свои минусы такие как: дома привлекательны для грызунов, относительно пожароопасны и наконец необходимость установки принудительной вентиляции.


Монолиттүү үйлөр. Мындай үйлөр Бишкекте, ал тургай бүтүндөй Кыргызстан рыногунда сейрек кездешет, анткени кыштын катаалдыгы мындай үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Жеке турак үйлөрдү куруу мөөнөтү

Үй маселеси үй-бүлө башчысы катары эркек үчүн да жана анын жакындары үчүн да жашоодо өзгөчө мааниге ээ. Акыркы жылдарда Бишкекте адамдар шаардагы батирлерге караганда, ызы-чуудан алысыраак шаар четиндеги үйлөргө басым жасай башташты. Мына ушундан дилемма жаралат, өзүбүз салсакпы же курулуш компаниясы аркылуу салсакпы деген. Мында  курулуш процессин ийне-жибине чейин билген жана ар бир курулуш долбоору дуушар боло турган кайсы болбосун маселени чече ала турган кесипкөйлөргө мүмкүнчүлүк берүү кажет.

Куруу этаптары жана мөөнөтү. Үйдү баштан аяк куруу үчүн канча убакыт талап кылынаарын түшүнүү үчүн ал канча этаптан тураарын  билүү зарыл. Сиз жер участогун тандагандан кийин  өз талаптарыңызга жооп берген тиешелүү курулуш компаниясын табууңуз керек.

Үйдүн долбоору. Үйдүн долбоорун түзүү жалпысынан 10 күндү талап кылат жана төмөнкү этаптардан өтөт:

  1. Кардарды үй боюнча болжолдоолор менен тааныштыруу
  2. Эскиздик долбоорду даярдоо
  3. Эскиздик долбоорду макулдашуу жана бекитүү
  4. Жумушчу долбоорду даярдоо

Курулушка уруксат алуу. Кардар 10 күн ичинде куруу иштерине уруксат алат.

Даярдоо иштери.  Жер учостогунун топонимикасына жана географиясына жараша бул процесс 2 күндү талап кылат.

Котлованды жана траншеяларды даярдоо. Бул этапта төмөнкү кадамдар жасалат.   7 күн

  1. Аймакты ченөө
  2. Котлован казуу
  3. Пай дубалын түптөө үчүн котлованды даярдоо
  4. Жерди тазалоо

Пай дубалын куруу. Үйдүн пай дубалынын бир нече түрү бар, биздин аймакта ленталык деген түрү көп колдонулат. Пай дубал катып, бекүү үчүн убакыт талап кылынат, бирок бул процесс дубал көтөрүү менен параллель өтүшү мүмкүн. Ушуну эске алганда бул 14 күндү талап кылышы мүмкүн.

1-кабаттын дубалын көтөрүү.  Курулушту бүтүү мөөнөтү кирпич, газ жана пено блоктор, СИП панелдер жана башка колдонулган материалдарга жараша болот.   14 күн

Жабылышы. . 14 күн

2-кабаттын дубалын куруу. 14 күн

Чатыр жана суу аккыч системаларын куруу. Иштин бул этабына алгылыктуу аба ырайы шарттары талап кылынат, анткени ал иштин аяктоо мөөнөтүнө таасирин тийгизет.   14 күн

Эшиктерди жана терезелерди монтаждоо. 3 күн

Электр  өткөрмөлөрүн коюу. Төмөндө электр өткөрмөлөрүн коюу этаптары келтирилген,  5 күн:

  1. Электр менен камсыз кылуу системасын түзүү
  2. Бөлүштүргүч щитти орното турган жерди аныктоо.
  3. Үйдүн шыптарын, дубалдарын жана полун кабелдик-өткөргүчтөрдү төшөө жана розеткаларды жана бөлүштүргүч коробкаларды орнотуу үчүн ченөө.
  4. Жашыруун электр өткөрмөлөр үчүн дубалдарды оюп даярдоо.
  5. Бөлүштүргүч щиттерди орнотуу үчүн дубалдарды оюп даярдоо.
  6. Розетка орноткучтарды жана бөлүштүргүч каробкалар орнотулуучу жерлерди тешүү.
  7. Гофраларды бекитүү үчүн трасстарды монтаждоо.
  8. Кабель өткөрмөлөрүн төшөө.
  9. Розетка орноткучтарды орнотуу жана дубалдарды оюп даярдоонун баштапкы иштери
  10. Бөлүштүргүч каробкаларды ажыратуу.
  11. Жерге кийирүү контурун монтаждоо.
  12. Монтаждалган контурдун жерге киргизилген каршылыгын текшерүү
  13. Щитти чогултуу жана монтаждоо.
  14. Бардык розеткалардын жана өчүрүп-күйгүзгүчтөрдүн оң экендигин текшерүү
  15. Розеткаларды, өчүрүп-күйгүзгүчтөрдү жана жарык берүүчү жабдууларды монтаждоо жана туташтыруу

Дубалдарды баштапкы  шыбоо. 10 күн

Суу жана канализациянын түтүктөрүн өткөрүү. 1 күн

Полду тегиздөө. 7 күн

Фасаддын дубалын жылуулоо. 20 күн

Бөлмөлөрдү жыйынтыктап жасалгалоо. 30 күн

Үйдү кардарга өткөрүп берүү. Кардарга үйдү салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү — 1 күн

Жалпысынан үйдү Өзүң жасалгалоо (ПСО) шартында куруу үчүн 90 күн, ал эми толугу менен куруп берүү үчүн 100 күн талап кылынат.

Куруу мөөнөтүнө таасирин тийгизүүчү факторлор. Төмөндө курулуш мөөнөтүнө таасирин тийгизүүчү негизги себептер берилген:  

  1. Кабаттуулугу, үйдүн өлчөмү жана аянты, архитектурасынын татаалдыгы жана жер участогундагы кошумча курулуштар
  2. Жер участогунун жайгашуусу, шаардын сыртында, жолдун ыңгайлуулугу
  3. Аба ырайы шарттары
  4. Рельефтин татаалдыгы
  5. Туруктуу каржылоонун болушу маанилүү жана эң башкы фактор болуп саналат. Мунсуз иш жөн гана токтоп калат.

Курулуш этаптары:

Долбоордун эскиздери (долбоорлоонун баскычы)
Иш долбоору (долбоорлоонун баскычы)
Биз курууга уруксат алуу үчүн керектүү документтерди алууга жардам беребиз
Жер-жерлерде даярдык
көрүү иштери
Пайдубалдын
курулушу
Дубалдарды тургузуу
Чатыр
Бардык коммуникацияларды
киргизүү
Жасалгалоо
Кардарга
үйдү тапшыруу

Курулган объектилер

Курулуш баалары

Куту
150$/м² дан 2 айдан
Үйдун негизи
  • Темир-бетон пайдубалы
  • Пайдубалдын гидроизоляциясы
  • Кирпичтен (кыштын) тургузулган дубалдар
  • Монолиттүү темир бетон тосмолору
  • Металлчерепицадан жасалган чатыр
Жасалгалоосу жок үй
200$/м² дан 3 айдан
Үйдун негизи
  • Темир-бетон пайдубалы
  • Пайдубалдын гидроизоляциясы
  • Кирпичтен тургузулган (кыштан) дубалдар
  • Монолиттүү темир бетон тосмолору
  • Металлчерепица менен жабылган чатыр
Кара шыбак
  • Чатырды жылуулоо
  • Суу агып чыгуучу тутукторду орнотуу
  • Үйдүн ичиндеги суу түтүктөрү жана канализация
  • Цемент жана кумдун аралашмасы менен полду тустоо
  • Үйдүн ичине электроэнергия системасын орнотуувнутри дома
  • Үйдүн ичиндеги маяк шыбагы
Даяр үй
300$/м² дан 4 айдан
Үй негизи
  • Темир-бетон пайдубалы
  • Пайдубал гидроизоляциясы
  • Кирпичтен тургузулган (кыштан) дубалдар
  • Монолиттүү темир бетон тосмолору
  • Металлчерепица менен жабылган чатыр
Кара жасалгалоо
  • Чатырды жылуулоо
  • Суу агып чыгуучу тутукторду орнотуу
  • Үйдүн ичиндеги суу түтүктөрү жана канализация
  • Цемент жана кумдун аралашмасы менен полду тустоо
  • Үйдүн ичине электроэнергия системасын орнотуу
  • Үйдүн ичиндеги маяк шыбагы
Ички / тышкы жасалгалоо
  • Металлопластикалык терезелер
  • Ички эшиктер
  • Дубалдардын кум шыбагы, шпатлевка, туш кагаздар
  • Гипсокартон же керме шып
  • Ламинатан же плитка менен жасалган пол
  • Тазалык түйүндөру, кафельдер
  • Уйдун сыртын жылуулоо жана жасалгалоо

Биздин кардарлардын ой пикирлери

Мен СапатДом компаниясынын баардык жамаатынын өз ишине кылган кесипкөй мамилесине канааттандым. Азыр биз бардык шарттары бар ыңгайлуу жана кенен үйдө жашайбыз. Сиздер ишинерди мыкты аткардыныздар. Сиздерге ийгилик каалайм.
Коновченко Роман Алексеевич
СапатДом компаниясына биздин үй-бүлөнүн пландарын ишке ашырууга жардам бергендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Долбоорду өздөру иштеп чыгып, жана долбоорго ылайык үйлөрдү курган бир нече компаниялардын бири бул СапатДом компаниясы. Эми үй-бүлөбүз менен ынгайлуу жана жайлуу үйубуздо суйунуп жашап жатабыз.
Тохтиев Аркен Сайдуллаевич
Сиздин компанияңыз менен иштөө мен үчүн абдан ыңгайлуу болду. Бардык маалыматтарды веб-сайттан алууга болот. Менин уйумдун долбоорунун баасы тез эле эсептелди. Бардык жумуштар эффективдүү жана мыкты уюштурулуп жүргүзүлдү. Бардык жумуштар график боюнча аткарылды.
Нурлан Наматов