Эмне үчүн кирпич (кыш) колдонобуз

Туруктуулук

Ким кандай  дебесин кыш   жер титирөөгө  эң туруктуу жана эң бекем курулуш материалы катары кала берет. Албетте андан бекемиреек монолиттүү үй деп аталган бетон дубалдар менен курулган үйлөр  бар, бирок андай үйдө жашагысы келген адамдардын саны  анчалык деле көп эмес, жокко эсе.  Мисалы алсак  M75 белгиси бар кыштын үстүңкү бетинин 1см2  75кг. көтөрө алат дегенди билдирет, б.а. стандарттуу 12см х 25см кыштын аянты 300см2, демек, бир кыш  22,5 тонналык  салмакты көтөрө алат. Бул  жөн гана  кыштын M75 маркасы , ошондой эле M300 чейинки  кыш маркалары бар. Чоң темир радиаторлорун, ашкана шкафтарын, суу жылыткычтарын жана башка көптөгөн нерселерди кыш дубалына илип коюуга болот, ал эми  башка материалдардан тургузулган дубалга илүүдө  көйгөй жаратат.

Ошентип кыш  рынокто, айрыкча Бишкек базарларында сатылган курулуш материалдарын эң чыдамдуу  бекем материалы катары кала берет  жана азыркы учурда кыштан  үй куруу эң  ынгайлуу болуп саналат.

Сейсмикалык туруктуулук

Үйлөрдүн кыш конструкциялары жер титирөөгө эң туруктуу жана темир-бетон колонналар жана өзөктөрү менен бекемделсе, 9-10 баллга чейин жер титирөөгө туруштук бере алат.  АКШдагы Сэңди жана Катрина бороон-чапкынынан кийинки  каркастан  жасалган үй менен  кыш үйдүн сүрөтүн  мисал катары корсонуз болот.

Сүрөттө көрүнүп тургандай эле  кыштан салынган үй бардык геометриялык өлчөмдөрүн сактап калып жана чатырдын  минималдуу гана  кыйроолорго учураганын коруп турабыз, бирок каркастан жасалган үй толугу менен бузулуп, калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес экендигине  жанындагы  кыш  менен коюлган  темир-бетон  конструкциясы салыштырмалуу аны далилдеп корсотуп турат.

Жеткиликтүүлүк жана нарк

Бишкек шаарынын четинде жана Чүй облусунда кыш чыгаруучу 20га жакын завод жайгашкан, ошол себептен  жергиликтүү чийки заттан  каалаган кыш сортун өндүрүугө абдан ынгайлуу жана ошондой эле кыш өндүрүүдө анын өздук наркын төмөндөтөт. Ошентип, Бишкекте кыштан  үй куруп жаткандар кышты  талап кылынган көлөмдө жеткирүү жана курулуш аянтына жеткирүү көйгөйү менен такыр кездешпейт, ошону  менен үйдү куруу убактысын да  кыскартат. Кыш өндурүүчүлөрдүн ортосундагы чон атаандаштык сапаттуу кыштарды жеткиликтүү баада сатып алууга шарт түзөт. Мына ошондуктан кыш менен салынган үйлөр башка конструкциялардан салынган үйлөрдөн эч канча кымбат эмес, ал тургай кээде көп эле арзан түшөт.

Кыш тууралуу мифтер

№1-миф: Кыш-архитектуралык фантазияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү чектейт, же кыштан бардык эле формаларды келтирүүгө мүмкүн эмес.
Буткул дүйнө жүзүндөкү  ар кайсы архитектуралык шедеврлердин, тарыхый имараттардын, өзгөчө жана оригиналдуу формадагы имараттардын көпчүлүгү кыштардан салынып кылымдар бою бузулбай биздин күнгө чейин сакталып калган. Тескерисинче, эгерде үйдү кыш менен куруунун бардык өзгөчөлүктөрүн жана нюанстарын билсеңиз  көп мүмкүнчулуктөргө жол ачат.

№2-миф: Кыштын салмагы начар топурактын үстүнө үй курууга жол бербейт.
Азыркы учурда үйдүн фундаментин тургузуу үчүн  көптөгөн чечимдер бар.  Ар кандай топурактын үстүндө  жана сейсмикалык активдүү зоналарда конструкцияны бекемдеткен  темир-бетон аралашмасын колдонуп кыштан үй курса болот.

№3-миф– Кыш кымбатыраак.
Эгерде биз Бишкек шаары үчүн 1 м2  дубалын ар кандай материалдардан, анын ичинде тосмо материалдын (кыш, пенопласт, газ блок же ЛСТК), жумуш, эритме (раствор) жана башка чыгымдалуучу материалдардан жасалган үйдүн курулуш  наркынын салыштырма таблицасын түзсөк, башка материалдардан үй курганга караганда   кыштан үй курган алардан  дагы арзан болуп жаткандыгын көрө аласыз. Мисалы, ошол эле пеноблок жана газ блогун атайын желим эритмесине өндүрүүчүлөрдүн атайын баштыктарына салыш керек, ал эми кышты куюуда кадимки цемент-кум аралашмасы колдонулат жана ошондой  эле анын жумушу жана баасы да арзан түшөт.