Бишкекте үй куруу үчүн жер участогун кантип тандоо керек?

Өзүңүзгө үй кураардан мурда эң оболу участок сатып алуу маселесин чечүүңүз зарыл. Курулуш учурунда ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз иштөө гана эмес, сиздин келечек жашооңуздун ыңгайлуулугу да жер участогуна  көз каранды болот. Ошондуктан сиздин бардык критерийлериңизге дал келген участокту тандоо маселесине өтө олуттуу мамиле жасооңуз шарт. Төмөндө сиз участок издөөдө көңүл бурула турган  негизги баскычтар менен тааныша аласыз:

Издөө аймагын аныктоо

Жер участогун издөөдөгү эң алгачкы кадам болуп, келечекте жашай турган аймакты, же башкача айтканда районду аныктоо болуп саналат, анткени муну аныктап албасаңыз сиз бардык аймактардагы жана Бишкек шаарына жакын райондордогу толгон маалыматтардан/үйлөрдүн тизмесинен башыңыз айланышы мүмкүн жана убактыңызды да текке коротосуз. Районду аныктоодо төмөнкү учурларды эске алыңыз, бирок булар менен эле чектелип калбаңыз: саздак жерде же суу жакын болсо чиркей сыяктуу курт-кумурска  көп болот, ошондой эле  топурак борпоң болсо, үй чөгүп, ал эми жер жантайыңкы болсо, ашыкча түйшүк жаратып же чыгымга дуушар кылышы мүмкүн.

Инфраструктура жана коммуникациялар

Жер учостогун тандоодо төмөнкүлөрдүн болушу орто кылымдагы жашоо шартынан арылып, максималдуу ыңгайлуулукта жашоо мүмкүнчүлүгүн берет: Электр энергиясы —  электр линиялары канчалык жакын болсо, аны үйгө туташтыруу ошончолук  арзан болот, газдын болушу аны тамак-аш жасоого колдонуу менен эле, үйдү жылытуу мүмкүнчүлүгүн берет. Суу менен камсыздоо – куруу учурунда сыяктуу эле, жашап жаткан учурда да колдонулуучу эң маанилүү аспект, борбордук канализация – бул да керек, бирок анчалык маанилүү эмес, анткени аны өзүңүз казып алсаңыз болот,  тиешелүү жол инфраструктурасынын жана авто жолдорунун болушу   да  ири жүк ташуучу унааларга, ошондой эле курулуш техникаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, куруу иштерин кыйла жеңилдетет, акырында   ыкчам жана  интернет байланыштын сапатына да көңүл буруңуз.

Жер участогуна баа беребиз

Болочоктогу коңшулар менен таанышып, алардын качантан бери жашаарын жана бул аймак тууралуу алардын ой-пикирин билүүгө аракет кылыңыз. Мектеп, бала бакча, сейил багы, дүкөн, оору кана  жана башкалар бар участокторду издеңиз, жанында өнөр жай ишканалары, заводдор, фабрикалар, мал чарба фермалары, таштанды, калдык ташталуучу жер жана мүрзө бар жерден алыс болуңуз.

Жер участогунун мыйзамдуулугу

Жыйынтыгында участоктун юридикалык документтерин текшерсеңиз болот. Сатуучудан жер участогуна тиешелүү бардык документтерди сураңыз.