Даяр үй сатып алгандан көрө жаңы үй курган жакшыраак!

Даяр үй сатып алуунун ордуна, Бишкекте жаңы үй куруунун артыкчылыктары эмнеде? Албетте, жетиштүү олуттуу бир топ артыкчылыктар бар. Төмөндө  биз үйдү сатып алгандан көрө, жаңы үй куруунун 5 негизги  артыкчылыктарын  кыскача айтып берүүгө  аракет кылабыз:

Жайгашкан жери

Биринчиден, өз үйүңүздү куруп жатканда, жер тилкенин   Бишкектин белгилүү бир аймагында жайгашуусу  боюнча эч кандай чектөөлөр жок, б.а. бул учурда, участокту каалаган  жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү  бар. Ал транспорттун жеткиликтүүлүгү, аймактын экологиялык жактан таза, инфраструктуралык өнүгүү ж.б. жагынан сизге ыңгайлуу  болгон жерден үй курууга сиз үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Жалпысынан, бул вариант  сизге келечектеги үй үчүн жер тандоо укугун калтырат.

Чектөөлөр жок

Келечектеги үй ээси кандайдыр бир жайгашуу схемасы, бөлмөлөрдүн көлөмү, терезелердин жана эшиктердин жайгашкан жери жана өлчөмү, үйдө айрым бөлмөлөрдүн бар же жоктугу менен чектелбейт, мисалы, терраса, кийим кийүүчү жай, кир жуучу жай же өзүнчө жуунучу жайдын жоктугу ж.б.у.с. бир сөз менен айтканда, ыңгайлуу, жеке үйдүн долбоорун өз каалоосу боюнча нөлдөн баштап куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Сапат

Негизинен кардарлар даяр үйдү сатып алып жатканда, алар үйдүн  учурдагы  ар кандай көрүнбөгөн кемчиликтери менен келишүүгө аргасыз болушат, андан тышкары  конструктивдүү кемчиликтерда болушу мүмкүн, ал кемчиликтер б.а. үйдүн пайдубалында же дубалдарындагы  жаракалар материалдарды жана жумуштарды үнөмдөөнүн натыйжасында, ошондой эле курулушта жөнөкөй  курулуш эрежелерин  билбегендиктен келип чыгышы мүмкүн. Бул кемчиликтер гипстин астында, тушкагаздын астында же  плита астына көрүнбөй калышы мүмкүн , бирок  ал үйгө кирип жашап баштаганда , жанагы жашыруун кемчиликтер   кайгылуу кесепеттерге  алып келиши ыктымал. Ал эми сиз  курулуш иштерин  «башынан баштап» жүргүзсөнүз —  салынып жаткан үйдү толугу менен СНиП жана Мамлекеттик стандартардын талаптарына ылайык курулуп жана курулуш компаниянын адистерине тапшырып иштин бардык процесстерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тандоо

Ошондой эле, үйдүн сырткы эстетикалык көрүнүшү да чоң мааниге ээ,  ал архитектуралык  ар кандай сырлар  менен үйгө жагымдуу көрүнүштү  тартууласа болот, анткени жаңы үйдүн курулушун баштаардан мурун,  архитектор, инженерлер тарабынан үйдүн эскиздери тартылат , аларды атайын профессионалдык архитектуралык программалардын колдонуусу менен, кагазда жана үч өлчөмдүү компьютердик моделде көрүүгө болот. Ошентип, мындай чечим алдын-ала кардарга иштин натыйжасы кандай болоорун  көрсөтүп  жана курулуш учурунда кетирилген каталардан жана күтүлбөгөн кошумча чыгымдарды болтурбоого мүмкүндүк берет.

Үй наркы

Жана албетте үй курууда эң башкысы бул үйдүн наркы. Адистердин арасында маалым болгон факт бул жаңы үй куруу даяр  үйдү сатып алгандан алда канча арзаныраак экендиги белгилүү. Анын себеби эмнеде?

Биринчиден, мындай учурда үйдү сатуу же алып сатуу учурунда  өз баасын каалаганындай өзгөртүп койгон  ашыкча  ортомчулар катышпайт,  бул биринчи же кийинки менчик ээси, же салып жаткан компания өзү, же башка бирөө , ошондой эле кээде кыймылсыз мүлк агенттиги ортомчу болуп калышы мүмкүн.

Экинчиден, курулуш учурунда, керексиз ашыкча чыгымдарды болтурбастан, курулуштун наркын кардар өзү көзөмөлдөсө болот. Мисалы, кимдир бирөөгө  (сарай, тооккана, мончо ж.б.) сыяктуу салынган чарбалык курулуштардын болушу шарт эмес, ошондуктан курулуш учурунда чыгымдарды конкреттүү жеке адам үчүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө керектүү нерселерге гана оптималдаштырууга болот.

Үчүнчүдөн, материалдардын баасын көзөмөлдөөгө болот, б.а. жогорку сапаттагы материалдар үчүн эң жакшы вариантты тандап, бир эле учурда жагымдуу көрүнгүдөй жана  бир топ арзаныраак баада салдыртса  болот , анткени ушундай жол менен сиз үйдүн сапатын жоготпостон курулуштун баасын бир кыйла төмөндөтө аласыз.

Ишенип коюнуздар , канчалык кымбат болсо, ошончолук жакшы деген  принцип дайыма эле иштей бербейт. Биз адамдардын  үйдү 2 эсе кымбат салып алышып ал ойдогудай жакшы көрүнүшкө ээ болбой калып жана ошол эле учурда тигил  үйдөн алда канча начар салынып  калган учурларга күбө болуп келебиз. Мындай учурлар  үй курууда ойлонбостон иш аракет кылгандыктан, кесипкөй эмес топтор менен иштешкендиктен жана ишке  болгон чыгармачылык мамиленин  жоктугунан келип чыгат .

Ошентип, бул  макалада ар кандай жагдайлардын бардыгын  кыскача айтууга мүмкүн болбосо да , курулушта баалардын өсүшүнө алып келген бир нече нюанстар бар экендигин билсек болот.