Курулуш фирмасын кантип тандоо керек?

Жеке үй курууда  куруучуларды тандоо өтө маанилүү, анткени буга келечекте сиздин жана  үй-бүлөңүздүн ыңгайлуу жана коопсуз шартта жашоосу көз каранды болот. Сиз үйүңүздүн коопсуз жана ишенимдүү салынышын  канчалык контролдой турганыңызга жараша, тандоонун өтө көп критерийлери бар.    Төмөндө келечекте сиздин ыңгайлуу жана коопсуз жашооңузга толук жоопкерчиликтүү боло турган компанияны тандоодо эске ала турган негизги, бирок өтө маанилүү факторлор келтирилген.

Кесипкөй курулуучулар

Сиз курулуш компаниялар рыногу менен жаңыдан тааныша баштаганда эле, биринчи караганда өтө пайдалуу сезилген көптөгөн сунуштарга кездешесиз, анда расмий эмес шартта иштеген подрядчылар, сезондук бригадалар жана кошумча иштеп акча тапкандар квалификациялуу куруучулар катары каралбоого тийиш деп айтылат. Сиз  эң оболу, компаниянын иштей баштаган мөөнөтүнө же   башкача айтканда, иш тажрыйбасына, тиешелүү лицензиясына жана сертификаттарына өзгөчө көңүл бурууңуз зарыл. Лицензиясын жана анын аныктыгын текшерүүдөн жалкоолонбоңуз. Тажрыйбалуу кесипкөй куруучулардын курган объекттери көп болот, алар менен сиз алардын вебсайттарынан же кеңселерине барып көрө аласыз, мында сиз компаниянын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө, кеңсесинин бар экенине ынанып, эгерде кардарлары болсо алар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

Компаниянын ишинин ачык-айкындуулугу

Курган үйлөрү жана объекттери сапаттуу компанияларга кардарлары  алгылыктуу сын-пикирлерди калтырышат жана мындай компаниялар курулуп жаткан объекттерин көрсөтүүгө жана курган үйлөрүнүн сапатына кепилдик берүүгө даяр болушат. Сиз мындан тышкары, бул куруучулар куруп берген үйлөрдө көп жылдан бери (3-5 жыл)   жашап жатышкан кардарлар менен сүйлөшүү ниетиңизди билдирип, алардын байланыш телефондорун сурай аласыз, ошондой эле кайтарым байланышка чыгып, алардын кошуналарынан дегеле, курулуш кандай жүргөндүгү тууралуу да такташтыруу мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Компаниянын туруктуулугу

Туруктуу иштеген компаниялардын менеджерлер жана кеңсе кызматкерлери сыяктуу эле, курулуш объекттеринде өздүк бригадаларынын да туруктуу  штаты бар. Бул фактор эч кандай жоопкерчиликтүү болбогон убактылуу бригадалардан айырмаланып, кардарга сүйлөшүлгөн мөөнөттө объектти өткөрүп берүүдө жана аткарылган иштин сапаты боюнча да маанилүү роль ойнойт.

Оптималдуу баа

Баа жеке үй куруучуларды аныктоодо негизги фкаторлордун бири болуп саналат. Эгерде сиздин талап боюнча издөө салып көрсөңүз, анда эң төмөнкү баадан эң жогоркуга чейин көптөгөн сунуштар түшөт. Төмөн баалар алгач, сизге каражат жагынан эң алгылыктуу болуп сезилет, бирок мында: сапатсыз материалдарды колдонуу, квалификациясыз кызматкерлер жана бригадалар жана айтылган баага кирбей калган айрым иш-чаралар сыяктуу кемчиликтер бар жана буларды сиз келишимге кол коюу же   үйдү кабыл алуу-өткөрүп берүү учурунда гана билишиңиз мүмкүн. Ал эми жогорку баадагы сунушту тандоодо сиз бул баа негизсиз чыгаша менен эле жогорулатылбай,  чындап эле колдонулуучу материалдардын жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүнүн сапатына дал келээрин тастыктооңуз зарыл.