Үйдү өзүңүз курганыныз жакшыбы же адистерге тапшырганыныз оңбу?

Бул тема өз үйүн кура баштагандардын  эң көп кездештирген  каталарынан   бири. Негизинен, үйдү өздөру куруп чыгымдарын  үнөмдөйм деп азгырылышат, бирок ишенсениз ,   көпчүлүгү курулуштун кандай өзгөчөлүктөрүнө туш болушаарын сезишпейт, мисалы  негизги инженердик илиминин жетишсиздигинен көп маселелер пайда болот, бир гана курулуш материалы  эле көптөгөн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн — арматуранын кесилишин кантип тандап алса болот, аларды кандай өлчөмдө салыш керек , кандай аралыкта ж.б. маселелер.

Коопсуздук жана эки эсе чыгым

Менин тажрыйбамда ондогон мисалдар бар. Мисалы: үй ээси убагында тажрыйбалуу курулушчуларга ишти  тапшырып  бербегендиктен, тажрыйбасыз үйрөнчөктөрдүн артынан ишти кайрадан оңдоп жана убактылуу жалданма курулуш бригадалардын чала жасалган иштери үй ээси үчүн көптөгөн чыгымдарга алып келген. Жана эң коркунучтуусу алар өздөрү салган үйдүн шыбагы урап, фундаменттен чатырына чейин  жарака кетип ал жакта  турууга коопту болгон. Мындай учурларда адамдардын  үй салууга сарптаган бардык күчу жана убактысы текке кеткенин көрүп  бооруң оорүйт, ошентсе да ошондой учурларда кырсык болуп кетпегенине сүюнөсүн.

Убакыт акчадан кымбат

Биринчиден, кесипкөй подряддык уюмдардын үй куруу мөөнөттөрү бир топ эле кыска, б.а өзүң курганга караганда тезирээк, анткени аларда материалдарды алып келүү логистикасы, иштин ырааттуулук логистикасы, күтүүсүз орун алышы мүмкүн болгон кошумча иш-чаралардын алдын алуу, курулуш жабдууларын жана механизмдерди ташуу логистикасы жөнгө салынган, анткени куруу учурунда  материалдар  зарылчылыгына жараша дээрлик ар бир күнү сатып алынат. Ошентип, эгерде адамга өз убакыты , ден соолугу, күчү жана нерви кымбат болсо, жеке үйлөрдү курууга багытталган кесипкөй курулуш уюмдарына кайрылуу ал үчүн эң мыкты чечим болуп саналат.

Эстетика

Мындан тышкары, үй курулуп, бирок көңүлгө толбой калган учурлар да көп кездешээрин белгилей кетүү зарыл, б.а  ал алдын ала пландаштырылган долбоорго такыр эле дал келбей калат, бул автордук көзөмөлдөөнүн жоктугунан жана куруучулардын жоопкерчиликсиздигинен улам болот, б.а буга ар бир бурчу, тирөөчтөрдүн бийиктиги чечүүчү мааниге ээ болгон дубалын тургузууда жана чатырын көтөрүүдө  миңдеген геометриялык параметрлердин жана өзгөчөлүктөрдүн сакталбагындыгы себеп болот. Мисалы, биздин компанияда бардык өлчөмдөргө жана архитектуралык чечимдерге өзгөчө көңүл бурулат, буга жумушчуларды контролдоп туруусуз жана аларга туура тапшырма бербей туруп жетишүүгө болбойт.

Натыйжанын жана долбоордук чечимдердин дал келишине мисалдар:
Үйдү өзүңүз курганыныз жакшыбы же адистерге тапшырганыныз оңбу?

Чыныгы көрүнүшү, Долбоордук көрүнүшү