Үйдүн кандай түрлөрү бар?

Бишкекте үйдүн ар кандай түрлөрү бар. Аларды кабатына, чатырына, формасына, пландаштырылышына, ички жана сырткы жасалгасына жараша ар башка категорияларга бөлүүгө болот, айрыкча аларды куруу технологияларына жана дубалга колдонулган материалына жараша бөлүшөт.

Мисалы кирпичтен, пеноблоктон, газ бетон блогунан, СИП панелден, жыгачтан курулган, каркас жана монолиттүү үйлөр бар. Булардын ар биринин артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.

Келгиле, булардын ар бирин өзүнчө карап көрөлү:

Кирпич үйлөр

Үйдүн кандай түрлөрү бар?

Кирпичтен курулган үйлөр Кыргызстан рыногунда эң кеңири тараган. Негизги касиети – бышык жана суукка чыдамдуу.

Бышыктыгы М тамгасы менен белгиленет. Эң кеңири тараганы  М100, М125, М150, М175. М100, мисалы, эки кабаттуу турак жайга колдонулушу мүмкүн. Эгер кабаты көбүрөөк болсо, анда маркасы да жогору болушу керек. Маркасы канчалык жогору болсо, кирпич да ошончо басымды көтөрө алат, демек ошончолук ишенимдүү.

Суукка чыдамдуулугу колдонуу мөөнөтүнө да таасирин тийгизет, ал  F тамгасы менен белгиленет. Суук аймактарда бул көрсөткүч маанилүү. Ал канчалык жогору болсо, температуранын нөлдөн төмөн болушунда материалдын бузулушу, жарака кетүү коркунучу ошончолук аз. Дагы бир эң маанилүү касиети – жылуулук өткөргүчтүгү. Ал жылуулук материал аркылуу канчалык бат өтөөрүн жана чыгып кетээрин көрсөтүп турат. Бул көрсөткүч   канчалык жогору болсо материал ошончо бат жылып жана муздайт. Кирпичте бул кыйла төмөн. Экинчи жагынан бул анчалык жакшы эмес, анткени жылытуу үчүн көп убакыт сарпталат. Мисалы, кирпичтен курулган үйдү бир айга жылуулуксуз калтырса, аны жылытуу үчүн бир же андан көп күн талап кылынат. Экинчи жагынан  кирпич өзүнө жылуулукту начар сактайт жана өткөрөт. Башкача айтканда биздин мисалда мурда керектүү температурага чейин ысытылган үй көпкө чейин жылуулукту сактап турат. Мына ушул себептен кирпичтен салынган үйлөрдө жайкысын салкын (түнкүсүн дубалдар муздаганга жетишет), ал эми кышкысын жылуу (туруктуу-ыңгайлуу температура сакталып турат). Демек, кирпичтен салынган үйлөр ишенимдүү, узака чыдайт жана жашоо үчүн ыңгайлуу деп тыянак жасоого болот. Ушул себептен биз дал мына ушу материалды курулуш үчүн тандайбыз.


Пеноблоктон жана газ бетон блокторунан курулган үйлөр

Үйдүн кандай түрлөрү бар?Пеноблок да көп колдонулууда, анткени бул материал кыйла жеңил болуп, кирпич дубалдарына караганда бат курулуп, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок ошол эле учурда дубалдын сапаты боюнча да кемчиликтер болушу мүмкүн, анткени рынокто сапатсыз блоктор көп кездешет жана бул материалды колдонууда пай дубалды да кылдат эсептөө зарылчылыгы келип чыгат.  Сууну сиңирип алышы, буу өткөргүчтүгү жана коюп жатканда жараканын көп кетиши тууралуу өзүнчө сөз кылуу зарыл.


СИП панелдерден курулган үй

Үйдүн кандай түрлөрү бар?Мындай үйлөр Канадада курула баштаган, анткени жөнөкөй сөз менен айтканда бул термос эффектисинен улам, катаал климаттык шарттарга туруштук берет.  Бул үйлөрдүн көп жакшы сапаттары бар, бирок ошол эле учурда кемчиликтери да жетиштүү, мисалы, мында үйдүн ичин желдетип туруу кажет жана тышкы үндөрдөн коргогучтугу да начар.


Жоон жыгачтардан курулган үйлөр

Үйдүн кандай түрлөрү бар?Экологиялык жактан 100% тазалыгы жана жагымдуулугу эле болбосо, мындай үйлөрдүн көптөгөн кемчиликтери бар: курулуш иштеринин кымбаттыгы, жогорку квалификациялуу усталардын болушу, коммуникацияны киргизүүнүн татаалдыгы, оор техникаларды колдонуу зарылдыгы жана куруу иштеринин узака созулушу.


Каркас үйлөр

Үйдүн кандай түрлөрү бар?Каркас этих домов могут быть сделаны как из металла так и из дерева. Такие дома славятся своей логостью, быстро возводимостью и низкой ценой, но как все другие виды имеет свои минусы такие как: дома привлекательны для грызунов, относительно пожароопасны и наконец необходимость установки принудительной вентиляции.


Монолиттүү үйлөр

Үйдүн кандай түрлөрү бар?Мындай үйлөр Бишкекте, ал тургай бүтүндөй Кыргызстан рыногунда сейрек кездешет, анткени кыштын катаалдыгы мындай үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк бербейт.