Үй маселеси үй-бүлө башчысы катары эркек үчүн да жана анын жакындары үчүн да жашоодо өзгөчө мааниге ээ. Акыркы жылдарда Бишкекте адамдар шаардагы батирлерге караганда, ызы-чуудан алысыраак шаар четиндеги үйлөргө басым жасай башташты. Мына ушундан дилемма жаралат, өзүбүз салсакпы же курулуш компаниясы аркылуу салсакпы деген. Мында курулуш процессин ийне-жибине чейин билген жана ар бир курулуш долбоору дуушар боло турган кайсы болбосун маселени чече ала турган кесипкөйлөргө мүмкүнчүлүк берүү кажет.
Үйдү баштан аяк куруу үчүн канча убакыт талап кылынаарын түшүнүү үчүн ал канча этаптан тураарын билүү зарыл. Сиз жер участогун тандагандан кийин өз талаптарыңызга жооп берген тиешелүү курулуш компаниясын табууңуз керек.
Үйдүн долбоору. Үйдүн долбоорун түзүү жалпысынан 10 күндү талап кылат жана төмөнкү этаптардан өтөт:
Курулушка уруксат алуу. Кардар 10 күн ичинде куруу иштерине уруксат алат.
Даярдоо иштери. Жер учостогунун топонимикасына жана географиясына жараша бул процесс 2 күндү талап кылат.
Котлованды жана траншеяларды даярдоо. Бул этапта төмөнкү кадамдар жасалат. 7 күн
Пай дубалын куруу. Үйдүн пай дубалынын бир нече түрү бар, биздин аймакта ленталык деген түрү көп колдонулат. Пай дубал катып, бекүү үчүн убакыт талап кылынат, бирок бул процесс дубал көтөрүү менен параллель өтүшү мүмкүн. Ушуну эске алганда бул 14 күндү талап кылышы мүмкүн.
1-кабаттын дубалын көтөрүү. Курулушту бүтүү мөөнөтү кирпич, газ жана пено блоктор, СИП панелдер жана башка колдонулган материалдарга жараша болот. 14 күн
Жабылышы. . 14 күн
2-кабаттын дубалын куруу. 14 күн
Чатыр жана суу аккыч системаларын куруу. Иштин бул этабына алгылыктуу аба ырайы шарттары талап кылынат, анткени ал иштин аяктоо мөөнөтүнө таасирин тийгизет. 14 күн
Эшиктерди жана терезелерди монтаждоо. 3 күн
Электр өткөрмөлөрүн коюу. Төмөндө электр өткөрмөлөрүн коюу этаптары келтирилген, 5 күн:
Дубалдарды баштапкы шыбоо. 10 күн
Суу жана канализациянын түтүктөрүн өткөрүү. 1 күн
Полду тегиздөө. 7 күн
Фасаддын дубалын жылуулоо. 20 күн
Бөлмөлөрдү жыйынтыктап жасалгалоо. 30 күн
Үйдү кардарга өткөрүп берүү. Кардарга үйдү салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү — 1 күн
Жалпысынан үйдү Өзүң жасалгалоо (ПСО) шартында куруу үчүн 90 күн, ал эми толугу менен куруп берүү үчүн 100 күн талап кылынат.
Төмөндө курулуш мөөнөтүнө таасирин тийгизүүчү негизги себептер берилген: